КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23-сессия
2021-жылдын 19-марты № 163/ХХIII-27
2021-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын бош калдыгын бөлүштүрүү жана бекитүү жөнүндө
Кант шаардык мэриясынын 2021-жылдын 25-февралындагы №130-2021-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын бош калдыгын бөлүштүрүү жана бекитүү жөнүндөгү катынын негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясы 52279,9 (элүү эки млн. эки жүз жетимиш тогуз миң токсон) сом өлчөмүндөгү акча каражатын 2021-жылдын башындагы бюджеттик эсептеги бош калдыктан, анын ичинен 13276,3 (он үч миллион эки жүз жетимиш алты миң үч жүз) сом ) атайын бюджет боюнча, 39003,6 (отуз тогуз миллион үч миң алты жүз) сом бюджеттик эсептен төмөнкү иштердин түрүнө бөлүп берсин:
- Тагаев көчөсүнүн жолун оңдоого (Тагаев көч. МИСке чейин), в сумме 5900,0 (беш млн. тогуз жүз) миң сом;
- Кутузов көч. жолун оңдоого 4200,0 (төрт миллион эки жүз) миң сом;
- Таштанды тазалоочу техника алууга 4100,0 (төрт млн. жүз) миң сом;
- Кант Тазалык базасында металл конструкциясынан кампаларды тургузуу 400,0 (төрт жүз) миң сом;
- суу тосмо курулмалары үчүн генераторлорду орнотуу 2200,0 (эки миллион эки жүз) миң сом;
- “Суу түтүктөр тармагын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында долбоорлоо:
- спорт-сити, аскер шаарчасы 3000,0 (үч миллион) сом;
- БББнун (ДОЦ) имаратынын оңдоо иштерине 1300,0 (бир миллион үч жүз) миң сом;
- тазалоо курулмаларынын жалпы курулуш иштерине 2000,0 (эки миллион) сом;
- кошумча толөм боюнча чыгымдар 5510,5 (беш млн. беш жүз он миң беш жүз) сом;
- топурак жолдорго төшөлмө 2500,0 (эки миллион беш жүз) миң сом;
- жолдорду оңдоого (жолдорду жамоо, жолдорду мезгилдик ондоо, жолдорду капталдык оңдоо) 11993,1 (он бир миллион тогуз жүз токсон үч миң бир жүз) сом.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2021-жылдын 12-октябрынан кечиктирилбей Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Бирюкова |