Редакцияот 08.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 8-февралы № 9

Сары-Коо айыл өкмөтүнүн 01.01.2021-жылга карата атайын эсебинин эркин калдыгын бекитүү жөнүндө

Сары-Коо айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1- январына карата атайын эсебинин эркин калдыгынын сметасы менен Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу М.Абдылдаевдин берген маалыматы менен таанышып, талкуулап чыгып, Сары-Коо айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы төмөндөгүдөй токтомду кабыл алышты:

1. Сары-Коо айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын 1-январына карата атайын эсебинин эркин калдыгынын сметасы – 127,4 миң сомго бекитилсин

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Баковго жүктөлсүн.

 

Сары-Коо айыл кеңешинин

төрагасы

 

Макеев Э.А..