Редакцияот 08.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 8-февралы № 8

Сары-Коо айыл аймагынын 2021- жылга карата бюджетинин эркин калдыгынын сметасы тууралуу

Сары-Коо айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бюджеттик счеттун эркин калдыгынын сметасы менен Сары-Коо айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу М.Абдылдаевдин маалыматы менен таанышып, талкуулап чыгып Сары-Коо айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы төмөндөгүдөй токтомду кабыл алышты:

1. Сары-Коо айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бюджеттик счеттун эркин калдыгынын сметасы – 2066,6 миң сомго кабыл алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Баковго жүктөлсүн.

 

Сары-Коо айыл кеңешинин

төрагасы

 

Макеев Э.А..