Редакцияот 18.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 18-октябры № 04

Кара-Балта шаарынын мэриясы бир жолку материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 – беренелерине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча комиссиясынын ишин жөнгө салуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 Токтомунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кара-Балта шаарынын мэриясынын бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө” жобо, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бир жолку даректүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражаттын көлөмү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнүн 0,3 % ашпоого тийиш (аткаруу бийлигинин акы төлөнүүчү кызматтарынын суммасынан, резервдик бюджеттен каражаттарды кошпогондо)

3. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

__________________________________________________________

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына.

 

Кеңештин төрагасы

А. Байсариев