Редакцияот 18.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТЕСКЕМЕСИ

 

2021-жылдын 18-октябры № 02

Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБнин 2021 -жылдын 6 айына карата аткарылган иштер боюнча отчету жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18,31, 36 – беренелерге ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

БУЮРМА КЫЛАТ:

 

1. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2021 - жылдын 6 айына карата аткарылган иштер боюнча маалыматы эске алынсын.

2. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2021 - жылдын 6 айына карата иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.

3. Карагулов Таалайбек Баратович - Кара -Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна келтирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.

_________________________________________________________

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына.

 

Кеңештин төрагасы

А. Байсариев