КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 18-октябры № 03
Кара-Балта шаарынын мэриясынынын «Манас» СТ «Олимпиец» кышкы бассейнинин атын өзгөртүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 - беренелерине ылайык, Кара-Балта кеңешинин сессиясы
БУЮРМА КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын “Манас” спорт топтомунун “Олимпиец” кышкы бассейни Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу - Зверев Анатолий Степановичтин ысымы берилсин.
2. Бул буюрма Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясы “Олимпиец” кышкы бассейнинин атын өзгөртүү үчүн бардык тиешелүү документтерди ылайыкка келтирсин.
4. Бул буюрманын аткарылыш көзөмөлү уюштуруу – укуктук маселелерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри
Д.Б Шакирбаевге жүктөлсүн.
______________________________________________________________
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта ш. Мэриясына, “Манас” СТге.
Кеңештин төрагасы | А. Байсариев |