Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отурумунун

2021-жылдын 29-октябры № 1/20

Күнтуу айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктеги визуалдык түрдө көз караш менен караганда жараксыз абалга жеткен объектилерди бузуу жөнүндө

Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз IVсессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги, визуалдык кароо менен алганда эскилиги жеткен Шалта айылындагы маданият үйүн жана Чон-Жар айылындагы эски мектепти мыйзам чегинде карап чыгып иш алып баруу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Джумалиевге тапшырылсын;

2. Күнтуу айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы бул иш-чарага толугу менен катышып иш алып барсын;  

    1.Омуралиева Дамира Эмилбековна

    2. Дорбонов Чыныбек Джузупович

    3.Тагаев Нурлан Нышанбаевич

    4. Козубеков Марат Сатыгулович

    5. Осмоналиева Толкун Жолдошбековна

    6. Дуйшеналиева Назгуль Зарылбековна

3. Бул токтомдун аткарылышын  өз көзөмөлүмө калтырам;

4. Токтом WWW Kuntuu-aimak.kg  сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Күнтуу айылдык

кеңештин төрагасы

 

Э.Иманалиев