КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отурумунун
2021-жылдын 29-октябры № 1/23
«Ала-Тоо Багы» күнөскана куруучулардын коомдук бирикмесинин төрайымы Р.А. Сулайманованын арызы боюнча
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз IVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу айыл чарба багытындагы №92 контурундагы 2,0 гектар жер аянтынын багыты өзгөртүлбөсүн;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джумалиевге жүктөлсүн;
3. Токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңештин төрагасы |
Э.Иманалиев |