ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2021-жылдын 3-майы № 3/2-28
Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги №Т/85 телефонограммасынын эске алуу менен жана Баткен облусунун мамлекеттик чек арасындагы кыргыз-тажик ортосундагы кырдаалга байланыштуу, ошондой эле Баткен облусунун жапа чеккен тургундарына жардам көрсөтүү максатында, Орловка шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун жапа чеккен жашоочуларына турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2221-беренесинин "Күндөлүк оңдоо" бөлүмүнөн "Социалдык коргоо" бөлүмүнөн 2721-статьясынан "Калкка жардам" гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 100,0 миң сомго которууларды жүргүзүлсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн
Төрага | М.И.Токтакунов |