ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезектеги сессиясы
2021-жылдын 3-августу № 13/6-28
«Кемин Келечеги» коомдук фонду тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун «Кемин Келечеги» коомдук фонду тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарды бөлүштүрүү боюнча маалыматын карап, Орловка шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кемин Келечеги» коомдук фондунан 1880,0 миң сом суммасында түшкөн каражаттар төмөнкүлөргө жөнөтүлсүн:
- «Кристалл» спорт комплексин жылытуу системасын оңдоо - 484,3 миң сом;
- Кашка айылындагы “ФАПты” курчоо жана брусчаткаларды орнотуу - 581,6 миң сом;
- Подгорное айылынын мектебине от казанды жана тетиктерди сатып алууга - 400,0 миң сом;
- турак жай коммуналдык чарбасына унаа сатып алуу - 150,0 миң сом;
- Орловкадагы жолдорду оңдоо - 264,1 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Орловка шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы- Т.Э.Асанбековго, жана Орловка шаарынын мэри -Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |