Редакцияот 03.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезектеги сессиясы

2021-жылдын 3-августу № 15/6-28

Башка айыл аймактардын малдарын жаюу тарифин бекитүү жөнүндө

Жайыт пайдалануучулар коомунун төрагасы - К.А.Жумалиевдин башка айыл аймактардын малдарын жаюу тарифин бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, ошондой эле Жайыт пайдалануучулар коомунун мүчөлөрүнүн отурумунун протоколун эске алуу менен, Орловка шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Башка айыл аймактардын малдарын жаюуга төмөнкү тарифтер бекитилсин:

- бодо малга - 150 сом;

- майда жандыктар үчүн - 50 сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Орловка шаардык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы - Б.М.Шакировго жана Жайыт комитетинин төрагасы - К.А.Жумалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 М.И.Токтакунов