Редакцияот 31.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сын-Таш айыл кеңешинин 2-сессиясы

2021-жылдын 31-майы № 11/2-28

КУН техникасынын иштөө режими, наркы жана ижарага берүү жөнүндө

КУН техникасынын иштөө режими, наркы жана ижарага берүү, Сын-Таш айыл өкмөтүнө пайда алып келүү максатында, Сын-Таш айыл кеңеши

 

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

 

1. Иштөө режими айдоочу үчүн дүйшөмбү күндөн баштап ишемби күнгө чейин иш күнү, ал эми жекшемби күн эс алуу күнү болуп эсептелсин:

2. КУН техникасын иштетүүдө саатына - 20 литр күйүүчү май жана 250 (эки жүз элүү) сом төлөө киргизилсин.

3. КУН техникасын аймактан тышкары жумуштарга иштетүүгө күнүнө 5000 (беш миң) сомго ижарага берилсин.

4. Жогорудагы токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

Э.Б.Джолдошбеков