Редакцияот 26.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сын-Таш айыл кеңешинин 4-сессиясы

2021-жылдын 26-сентябры № 21/4-28

Эксковатор техникасынын иштөө режимин, тарифин жана ижарага берүүсүн кайра кароо жөнүндө

Сын-Таш айыл кеңешинин 2021-жылдын 31- майында № 13/2-28 токтомунун 2-пунктуна ылайык Эксковатор техникасы үчүн, күйүүчү майы өтө көп деген аймактын жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде, Сын-Таш айыл кеңеши,

 

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

 

1. Иштөө режими айдоочу үчүн дүйшөмбү күндөн баштап ишемби күнгө чейин иш күнү, ал эми жекшемби күн эс алуу күнү болуп эсептелсин:

 

2. Эксковатор техникасын иштетүүдө саатына - 10 литр күйүүчү май жана 500 (беш жүз) сом төлөө киргизилсин.

 

3. Эксковатор техникасын аймактан тышкары жумуштарга иштетүүгө 8 (сегиз) саатка, күйүүчү майынан тышкары 5000 (беш миң) сомго ижарага берилсин.

 

4. Жогорудагы токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

Э.Б.Джолдошбеков