ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 9-сентябры № 6/1
Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн 2021 -жылдын II-кварталынын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Дюшееванын 2021-жылдын II-кварталында түшкөн төлөмдөрү жөнүндө маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31- беренесине ылайык, Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Дюшееванын 2021-жылдын II-кварталынын ичинде түшкөн салыктардын төлөмү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Салыктардын түрлөрү:
- Айыл чарба жерлеринин салыгы – 694,2
- Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы – 478,3
- Короо жайга караштуу жер тилкелеринин салыгы – 115,5
- Автоунаалардан түшкөн салык – 705,5
- Айыл ичинен алынган жерлердин ижара акысы -257,2
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузакова жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алиев |