ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 9-сентябры № 6/2
Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн 2021 -жылдын 1-жарым жыл ичинде аткарган иштери туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Г.Абдылдаеванын, жана жетектөөчү адиси У.Абдыканованын 2021 -жылдын 1-жарым жыл ичинде аткарган ишинин маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31- беренесине ылайык, Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адиси Г.Абдылдаеванын жана жетектөөчү адиси У.Абдыканованын 2021-жылдын 1-жарым жыл ичинде аткарган иштери туралуу маалыматы бекитилсин, жана иштерине канааттандырарлык деген баа берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча төрайымы М.Коонтаевага жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алиев |