Редакцияот 09.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 9-сентябры № 6/3

Чүй айыл өкмөтүнүн 2021 –жылдын I – жарым жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин аткарылышы туралуу

Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын м.а. К.Джумадилованын "Чүй айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын I –жарым жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы" туралуу маалыматын угуп, жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 -беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын м.а. К.Джумадилованын Чүй айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын I-жарым жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы туралуу маалыматы бекитилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Алиев