ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V кезексиз сессиясы
2021-жылдын 24-сентябры № 1
“Бюджетке өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун жана Чаткал айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун сунушу эске алынсын .
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021 -жылга калган калдыгынан балдар ойноочу аянтчага каралган 350,0 миң сом акча каражатын убактылуу жумшоо үчүн башкаруу тармагынын 22154900 статьясына толугу менен жылдырылып берилсин.
3. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021 -жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттык эсебине кошумча тушкон "ЗАВ ЧААРАТ" кен иштеткен ишканасынан жалпысы 5300,1 миң сом , ОсОО Кальтон" кен иштеткен ишканасынан 700,0 миң сом "Аркар Лаачын" кен иштеткен ишканасынан 1000,0 миң сом, "АКИЛБИРС-АФЛАТУН” кен иштеткен ишканасынан 500,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй багытта чыгымдалсын:
- Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 4163,5 миң сом , 22221100 статьясына 438,9 миң сом, 22221200 статьясына 182,4 миң сом, 31112390 статьясына 550,0 миң сом, 31113230 статьясына 1165,3 миң сом, 311 12290 статьясына 1000,0 миң сом жалпысы болуп 7500,1 миң сом үчүн чыгымдоого уруксаат берилсин.
4. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине кошумча Республикалык бюджеттен түшкөн 968,7 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй багытта чыгымдалсын:
- Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 статьясына толугу менен коюулуп Ак таш айылынын ген планын даярдоо үчүн чыгымдоого уруксат берилсин.
5. Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Абдыкеримовго милдетендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Козубаев |