ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-сентябры № 13
Айыл чарбалык арналыштагы жерди индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Жаран Ю. И. Яровдун арызын карап, Пригород айыл кеңеши талкуулап жана пикир алмашып,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Пригород айыл аймагында №216 контурда жайгашкан, жеке менчик укугунда Ю. И. Яровго таандык болгон жалпы аянты 10 га жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер» категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которууга (траснформациялоого) макулдук берилсин;
2. Аламүдүн райондук мамлетекеттик администрациясына Пригород айыл аймагында №216 контурда жайгашкан 10 га жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер» категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу жөнүндө өтүнүч келтирилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга көзөмөл Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Б. К. Шеримбековго жүктөлсүн.
Пригород айыл кеңешинин төрагасы |
Т.Омурзаков |