Редакцияот 13.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 13-июлу № 10/111-28

Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1. А.Молдокулов атындагы орто мектебинин терезелерине суу өткөргүчтөрдү орнотуу иштерине 70921 бөлүгүнүн 3111 статьясына 266583сом эркин калдыктан бөлүнүп берилсин.

2. “Гүл Балалык” бала бакчасынын терезелеринин откосторун, суу өткөргүчтөрдү жана подоконниктерди орнотуу иштерине 70911 бөлүгүнүн 3111 статьясына 90196сом эркин калдыктан бөлүнүп берилсин.

3. Нурманбет айылындагы китепканасынын терезелерин которуу жана полун оңдоо иштерине 70821 бөлүгүнүн 3111 статьясына 345277сом эркин калдыктан бөлүнүп берилсин.

4. М.Койбагаров атындагы орто мектебинин терезелери Чүй өнүктүрүү фондусу тарабынан долбоор аркылуу которуу иштерине кошумча жумушка төлөөгө, ашкана жана актовый залынын терезелерин которуу иштерине 70921 бөлүгүнүн 3111 статьясына 875348сом эркин калдыктан бөлүнүп берилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова