НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу № 13/111-28
Нурманбет айыл өкмөтүнүн менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жана муниципалдык менчиктеги авто унаа каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө
Нурманбет айыл өкмөтүнүн менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобонун долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигинин 6-апрель 2018-жылдагы №01-18/41 буйругунун негизинде ,муниципалдык менчиктеги объектилерди, негизги каражаттарды жана авто унаа каражаттарын сарамжалдуу пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги авто унаа каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарылсын.
4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Сагынбекова |
| Нурманбет айылдык кеңешинин "13" июль 2021-ж №13/111-28 токтомуна №1 тиркеме |
Нурманбет айыл өкмөтүнүн менчигиндеги негизги каражаттарды
эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1.1.Бул жобо Кыргыз Республикасыиын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Нурманбет айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды. анын ичинде жабдууларды, оргтехниканы, автоунаа каражаттарын, муниципалдык менчик болуп саналган башка негизги каражаттарды жана чарба шаймандарын эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.
1.2 Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу
- аны эксплуатациялоодо келечектеги кандайдыр бир экоиомикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
1.3. Нурманбет айыл өкмөтүнүн жана мекемелеринин менчигиндеги негизги каражаттарды баланстан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) физикалык жактан эскиргенде, кызматынын ченемдик мөөнөтү бутө электе, колдонуу шарттары бузулганда;
б) аварияларда. табийгат кырсыктарында жана башка өзгөчө кырдаалдарда;
в) негизги каражаттар бузулуп калганда, эгер аларды андан кийин колдонууга мүмкүн болбосо же калыбына келтирүүгө көп каражат жумшалса.
Муниципалдык менчикти төмөнкү учурларда гana кепген чыгарууга болот: эгер аны калыбына келтирүүгө мүмкүн болбосо же экономикалык жактан максатсыз болсо, ошондой эле аны белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактарга сатууга мүмкүнчүлүк жок болсо.
2. Негизги каражазттарды эсептен чыгаруу тартиби
2.1. Негизги каражаттарды пайдаланууга жараксыз экендигин. калыбына келтирип оңдоо мүмкүн эмес же максатсыз экендигин аныктоо үчүн, ошондой зле мүлкү чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугунда бекитилген мекемелерде негизги каражаттарды эсептен чыгарууга зарыл документтерди тариздөө үчүн, ишкананын жана мекеменин жетекчисинин буйругу менен төмөнкү курамда жумушчу комиссиясы түзүлөт:
- жетекчи же орун басары (комиссиянын төрагасы):
- башкы бухгалтер:
- тиешелүү техникалык адис же жабдууга сервистик тейлөө жүргүзгөн уюмдун техникалык адиси. эгер тейлөө жүргүзүлсө;
- бул мүлктү сактоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адам.
- жергиликтүү кеңештин өкүлү
- жергиликтүү жамааттын өкүлү
Мындан тышкары комиссиянын курамына коомдук уюмдардын өкүлдөрү. ошондой эле башка адамдар (уюмдун жетекчисинин ыктыяры боюнча) киргизилиши мүмкүн.
2.2. Туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү иштерди аткарат:
а) зарыл техникалык документацияны (паспорт жана башка документтер), ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдалануу менен эсептен чыгарылуучу мүлктү кароону жүргүзүшөт жана анын эсептен чыгарылгандыгы тууралуу корутунду киргизишет;
б) эгер эсептен чыгаруу объектиси атайын аппаратура же жабдуу болсо, негизги каражаттардын жараксыздыгы тууралуу корутунду берүү үчүн милдеттүү түрдө тиешелүү уюмдардын адистерин тартышат;
в) мүлктү эсептен чыгаруунун так себептерин аныкташат (эскирүү, авария, пайдалануунун туура шарттарын бузуу жана башкалар):
г) негизги каражаттарды пайдалануудан мезгилсиз чыгарган күнөөлүү адамдарды аныкташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте, бул адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизишет;
д) негизги каражаттардын объектилерин эсептен чыгарууга актыларды түзүшөт.
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма НК-1);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу женүндө акт (тиркелген форма НК-2 ылайык).
2.3. Жумушчу комиссиясы жүргүзгөн иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү документтер, анын ичинде мекеменин жетекчисинин кат жүзүндө кайрылуусу, башка зарыл материалдар, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча актылар Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
Эсептен чыгаруу материалдары милдеттүү түрдө бардык көктөлгөн документтердин тизмеги менен боолонуп. номерленип жана тигилиши керек.
2.4. Баасы 100 зсептик көрсоткүчкө чейинки негизги каражаттарды (автоунаа каражаттарынан тышкары) эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы. Нурманбет айыл өкмөтүнүн буюрмасы менен түзүлөт. Комиссиянын курамына ошондой эле жетекчи. башкы бухгалтер, мүлккө жооптуу болгон мекеменин адамы кирет.
2.5. Баасы 100 эеептик көрсөткүчтөн жогору болгон негизги каражаттарды. ошондой эле автоунаа каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы Нурманбет айылдык кеңешинин чечими менен бекитилет.
2.6. Муниципалдык мүлктүн негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссия эсептен чыгарууга түшкөн документтерди карайт.
2.7. Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын төмөнкү маалыматтары көрсөтүлөт:
- даярдалган жылы:
- ишканага, мекемеге түшкөн жылы;
- пайдаланууга берилген убагы;
- объектинин баштапкы баасы;
- бухгалтердик зсептин маалыматтары боюнча эсептелген эскирүү суммасы:
- жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны жана ал чыгымдардын суммасы;
- ошондой эле негизги каражаттарды эсептен чыгаруу себептери, негизги бөлүктөрүнүн. деталдарынын. түйүндөрүнүн, түзүлүш злементтеринин абалы толугу менен жазылат.
2.8 Колдонуудагы объекттерди жаны курууга, кенейтүүгө. реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу жабдуу эсептен чыгарылган учурларда комиссия Нурманбет айыл өкмөтү тарабынан бекитилген колдонуудагы объекттерди кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу планында каралган эсептен чыгарууга берилген жабдууга шайкештигин текшерүүгө жана актта аларды эсептен чыгарууга пунктка жана план бекитилген датага шилтеме берүүгө тийиш.
2.9 Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын объекттерин мүнөздөөчү төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: объект жасалган же курулган жыл, анын мекемеге келип түшкөн күнү, эксплуатацияга берилген убактысы, объекттин алгачкы наркы (жаны баалангандар үчүн-калыбына келтирүү), бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары боюнча эсептелген амортизациянын суммасы жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны.Негизги каражаттырдын объектинин жарактан чыгуу себептери, анын негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, түйүндөрүнүн, конструктивдик элемнттеринин абалы да толугу менен чагылдырылат.
2.10. Автоунаа каражаттарын эсептен чыгарууда, мындан тышкары автомобилдин жүргөн аралыгы көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарынын жана деталдарынын техникалык мүнөздөмөсү берилет жана ажыратуудан алынган негизги деталдардын жана түйүндөрдүн андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
2.11. Авариянын кесепетинен жарабай калган негизги каражаттарды эсептен чыгарууда эсептен чыгаруу актысына авариянын болгондугу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле кыйроого алып келген себептери баяндалат жана күнөөлүү жактарга карата чаралар көрсөтүлөт.
2.112Көчүрүүчү, компьютердик техпиканы, байланыш каражаттарын ишканалардын теңдеминен эсептен чыгарууда милдеттүү тартипте техникалык экспертизанын, ажыратуудан пайда болгон негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн актыларынын көчүрмөлөрү тиркелет.
2.11. Негизги каражаттарды эсептен чыгарууда комиссиянын чечими боюнча керектүү документтердин тизмегине милдетүү тартипте фото-видео материалдар (электрондук же жазма вариантта) тиркелет.
2.13. Уурдап кетүүнүн, орттүн, жаратылыш кырсыктарынан, каршы тура алгыс күчтүн кыймылдарынан улам жоголгон негизги каражаттарды эсептен чыгарууда уюм кошумча төмөнкү документтерди берүүтө тийиш:
- мүлктү жоготуп алуу фактын ырастоочу документ (кылмыш ишип козгоо жөнүндө токтом, өрт же башка факты жөнүндө өрт инспекциясынан маалым каты);
2.14. Муниципалдык мүлктүн негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссия маалыматтардын тууралыгын текшерет, зарыл болгондо эксперттерди тартат, эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү же мүмкүнчүлүк жок экендиги жөнүндө чечим кабыл алат.
2.15. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынса, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу комиссия төмөнкүлөрдү камтыган протоколду түзөт:
а) эсептен чыгарылган мүлктү тескөө ыкмасы жөнүдө чечимди (жок кылуу, өткөрүп берүү, сатуу, бөлүктөргө ажыратуу ж.б.):
б) бул иш-аркеттерди ишке ашыруу боюнча аткаруучунун көрсөтмөлөрүн:
в) эгер жарамдуу түйүндөрү жана агрегаттары бар болсо, алардын колдонулушу жөнүндө чечим;
г) муниципалдык менчиктин негизги каражаттарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө керсөтмө.
Отурумдун протоколуна төмөнкү документтер тиркелет:
эсептен чыгарууга сунушталган мүлктүн катгоо актысы;
эсептен чыгарууга сунушталган мүлктүн техникалык абалынын актысы;
мүлктү эсептен чыгаруу актысы;
башка документтер (авария жөнүндө актынын көчүрмөсү, тиешелүү органдардын корутундусу ж.б.)
Негизги каражаттардын техникалык абалынын актысында мүлктүн даярдалган жылы, колдонууга киргизилген күнү, жүргүзүлгөн жакшыртуу жана кайра куруу иштеринин көлөмү, негизги бөлүктөрдүн, деталдардын жана түйүндөрдүн абалы көрсөтүлөт.
Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу актысында аны эсептен чыгаруу себептери толугу менен көрсөтүлөт, негизги бөлүктөрдүн. деталдардын жана түйүндөрдүн, элементтердин абалы баяндалат жана экономикалык (техникалык) максатка ылайыктуулугу же бул мүлктү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жоктугу жөнүндө жыйынтык чыгарылат.
Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча кормиссиянын отурумунун протоколуна, мүлктү каттоо актысына, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жана техникалык абалынын актылыларына негизги каражаттарды эселтен чыгаруу боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет жана ушул комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет. Эгер комиссиянын чечимине макул болбосо, анын мүчүлөрү өзгөчө оюн кат түрүндө баяндоого укугу бар, ал протокол го тиркелет.
2.16. Негизги каражаттарды. мүлктү каттоо актысын. техникалык абалынын актысы. эсептешүү көрсөткүчү 100го чейинки баадагы (автоунаа каражаттарынан тышкары) негизги каражаттарды эсептен чыгаруу актысы боюнча эсептен чыгаруу комиссиясынын отурумунун протоколу таризделгенден кийин, документтер Нурманбет айыл өкмөтүнө негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө буюрма чыгаруу үчүн берилет.
Эсептешүү көрсөткүчү 100дөн жогорку баадагы негизги каражаттарды эсептен чыгаруу учурунда, Нурманбет айылдык кеңешинин макулдугун алдын ала алуу менен, документтер Нурманбет айыл өкмөтүнүн негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө буюрма чыгаруу үчүн берилет.
2.17. Эсептен чыгарылган негизги каражаттарды ажыратуудан түшкөн экинчи сырье, ал кайра пайдаланууга жарамдуу болгон учурда, уюм тарабынан кирешеленет жана бул жөнүндө финансылык документ түзүлөт.
2.18. Эсептен чынарылган негизги каражаттардан алынган жана кайталап пайдаланууга жарабаган экинчи чийки заттарды сатуудан түшкөн акча каражаттар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетине түшөт.
2.19.Муниципалдык ишкана же мекеме тарабынан эсептен чыгарылган негизги каражаттарга иш-чараларды өткөргөндөн кийин негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын чечимине ылайык, тиешелүү мекеме 10 күндүк мөөнөттүн ичинде муниципалдык менчиктин жоюлушун далилдеген жыйынтык документтерди, түшкөн акча каражаттарынын төлөм документтеринин көчүрмөлөрү, ошондой эле муниципалдык менчиктин реестринен негизги каражаттарды андан ары чыгарып салуу үчүн жарамдуу түйүндөрүн жана агрегаттарын кирешелүүнү тастыктаган документтерди берет.
3. Жоопкерчилик
3.1. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө сапатсыз жана туура эмес маалымат берилгендиги үчүн ишкананын жетекчисине жана башкы бухгалтерине мыйзам менен белгиленген тартипте юридикалык жана тартиитик жоопкерчилик жүктөлөт.
3.2. Негизги каражаттарды тендемден чыгаруунун колдонуудагы тартиби бузулган учурларда, буга күнөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы: |
А.Омуралиев |
| Нурманбет айылдык кеңешинин "13" июль 2021-ж №13/111-28 токтомуна №2 тиркеме |
Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын
сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобосу
1. Бул жобо муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуунун тapтибин аныктайт.
2. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан аткарылат.
3. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатып алуучулар бардык эле юридикалык жактар жана жеке адамдар боло алышат.
4. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарынын (номерлүү агрегаттары) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сатып алуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамына ылайык транспорттук каражаттар белгиленген тартипте жергиликтүү кеңеш тарабынан төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын профсоюздук уюмунун жана административдик жыйынынын протоколу (1 -тиркеме);
- транспорт каражаттарынын техникалык абалы жөнүндө актынын (2-тиркеме);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысы жана башкы бухгалтери күбөлөндүргөн баштапкы наркы тууралуу справкалар (3-тиркеме).
6. Транспорт каражаттарын сатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын чечими менен транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары - Комиссия). Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын өкүлү (комиссиянын төрагасы), негизги каражаттардын сактоосуна жоопкерчилиги жүктөлгөн жак, жергиликтүү кеңештин өкүлү, транспорт боюнча эксперт, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү кирет.
Эгерде комиссиянын отурумунда, ага, анын жубайы, анын ата-энеси, балдары жана анын бир тууган эже-синди же aга-инилерине караштуу материалдык пайда көрүүчү маселе болсо, анда комиссия мүчөсү бул жыйында добуш берүүтө жана жыйынга катышууга укугу жок.
7. Транспорт ишканасынын инженер-техникалык кызматкери, транспортту техникалык тейлөө боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар жана сертификаты бар адис эксперт боло алат.
Транспорт каражаттарын (номердик arpeгаттарды) тыкыр карап чыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) наркын баалоо үчүн эксперттердин тыянагын, справкаларды, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонсо болот.
8.Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) баалоо протоколун түзгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы транспорт каражатын сатуу жөнүндө аукционду жарыялайт. Баштапкы (старттык) баасы болуп, комиссия баалаган наркы коюлат.
Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин 30 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Жарыяланган баштапкы (старттык) баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга кызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттык бааны 25тен ашпаган пайьпга төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Транспорт каражатын аукцион аркылуу сатууга мүмкүн болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы транспорт каражатын түз сатууга укугу болот.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сатуучу төлөгөндүгү тууралуу документтерин бергенден кийин транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатып алуу-сатуу келишимин 3 нускада (4-тиркеме) бекитет.
Бул учурда:
-1 нускасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда калат;
-1 нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберилет;
-1 нускасы сатып алуучуга берилет.
11. Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) сатуудан түшкөн каражаттар, мыйзам талап кылган тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы: | А.Омуралиев |