НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу № 15/111-28
Айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын квалификациялык талаптарынын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Исакованын Нурманбет айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын квалификациялык талаптарын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптардын негизинде Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нурманбет айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын квалификациялык талаптары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Исаковага жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Сагынбекова |
| Нурманбет айылдык кеңешинин 2021 -жылдын 13-июлундагы №15/111-28 токтому менен бекитилди |
Ысык-Ата районунун Нурманбет айылдык кеңешинин
жооптуу катчысынын квалификациялык талаптары
Квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 14-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптары" жобосуна ылайык иштелип чыкты.
Жалмы талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны
- соттолбогон
- 18 жаш курактагы
Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2) Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамы
3) Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамы
4) Кыргыз Республикасынын "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамы
5) Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын Советинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодекси'"
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат
орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
Жооптуу катчы: (Б-Б)- 1 бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө","Ченемдик укуктук актылар жөнүндө","Кыргыз Республикасынын Улуттук архивинин фонду жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоо тартиби жөнүндө жобо";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарынын типтүү инструкциясы";
адам ресурстарын башкаруу жаатындагы:
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
- билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү. контролдоо жана аларды чечүүгө жаны ыкмаларды киргизүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаны ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
- көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жузөгө ашыруу, иштин жаны формаларын жана мечоддорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Квалификациялык талаптарды
иштеп чыккан:
Нурманбст айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчысы
______________________Ч.Н.Исакова