НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-августу № 20/IV-28
31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын өткөрүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл аймагында 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын өткөрүү маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жогорудагы иш-чара Нурманбет айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери тарабынан түзүлгөн майрамдык иш планына ылайык өткөрүлсүн жана ал майрамдык иш-чарага керектүү болгон 2021-жылдын бюджетинин сметасында каралган ачка каражаттары колдонулсун.
2. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Сагынбекова |