НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-августу № 24/IV-28
Нурманбет айылдык клубуна Асанхан Джумахматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айылдык клубуна Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Асанхан Джумахматович Джумахматовдун ысымын ыйгаруу тууралуу маселени карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нурманбет айылдык клубуна Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Асанхан Джумахматович Джумахматовдун ысымы ыйгарылсын.
2. Клубдун ички жана сырткы жасалгаланышы,эстетикалык көрүнүшүн талапка ылайык келтирүү жана табличкаларын жасап орнотуу анын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Сагынбекова |