Редакцияот 14.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 14-августу № 25/IV-28

Нурманбет айылдык клубунун башчысы Муратканова Максат Мелисовна жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында маданият кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү жөнүндө маселени карап, талкуулоодо Нурманбет айылдык клубунун ички жана тышкы көрүнүшүнүн санитардык абалына жана клуб башчысынын ишине сын-пикирлер айтылып,анын негизинде айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Нурманбет айылдык клубунун клуб башчысы Муратканова М.М көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча келээрки сессияга чейин клубдун ичи-тышын тазалыкка келтирүү боюнча иштерди аткарсын;

-талапка ылайык тазалыкка келтирилбесе техничка кызматы үчүн төлөмү алынсын

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова