КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23-сессия
2021-жылдын 19-марты № 172/XXIII-27
Абдраев Союзбек Ибраимовичке Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаардык мэриясынын Абдраев Союзбек Ибраимовичке Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштамасын карап чыгып.
Абдраев Союзбек Ибраимович 2007-жылдын апрель айынан бери “Кант-Тазалык” МБда башкы адис кызматын аркалап келет.
Иштеген жылдар аралыгында өзүн жакшы жагынан көрсөтө алды. Жоопкерчиликтүү, ийкемдүү, максаттуу кызматкер, жергиликтүү деңгээлдеги маанилүү маселелерди чечүү жолдорун жакшы билет.
Калкты ичүүчү таза суу, газификация жана жылуулук менен камсыздоо иштерине өзгөчө көңүл бурат.
Каварталдык комитеттин төрагалары менен жигердүү иш жүргүзүп, Кант шаарынын тургундарына жакшы кызмат көрсөтүү маселелери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу максатында инвестицияларды тартып келет. Кант шаарынын аймагын көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга, жарыктандыруу жана санитардык тазалоого байланышкан маселелерди өз убагында чечет. Шаар калкын жана мекемелерди ишембилик өткөрүү боюнча мобилизациялоо боюнча максаттуу иштерди жүргүзөт.
Көп жылдардан бери Кант шаардык мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн мүчөсү болуп эсептелет.
Ак ниет эмгеги үчүн 2012-жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Кант шаарынын жашоочуларынын жана Кант шаардык мэриясынын аппарат кызматкерлеринин арасында жогорку кадыр-баркка ээ.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абдраев Союзбек Ибраимовичке Кант шаарынын “Ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
2. Кант шаардык мэриясы С.И.Абдраевге тапшыруу үчүн грамотаны жана тасманы даярдоого акча каражатын бөлүп берсин.
Кант шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Бирюкова |