Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

23-сессия

2021-жылдын 19-марты № 173/XXIII-27

Рагимов Рагим Мамедовичке Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн Саримов Виктор Александровичке Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштамасын карап чыгып.

Р.М. Рагимов эмгек жолун К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин аяктагандан кийин 1982-жылы Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылындагы “Октябрдын 40 жылдыгы” дыйкан чарбасында зоотехник болуп иштеп баштаган.

1996-1998-жж. Ысык-Ата районунун «9-май» КДЧнын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

1998 –жылдан 2001-жылга чейин Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы;

2001-2008-жылдары Ысык-Ата районунун «9-май» КДЧнын төрагасы;

2008-жылдан 2009-жылга чейин Ысык-Ата райондук АЧБда башкы адис;

 2009-жылыКант шаарындагы №25-кесипчилик техникалык окуу жайынын директору;

 2009 -2010-жылдары «Азия Трейд компани» ишканасынын башкы директору;.

 2010-жылдан 2016-жылга чейин Дене тарбия агенттигине караштуу Кант шаарындагы ФОКтун директору;

2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы балык чарба Департаментинин жетектөөчү адисинин милдетин аткарып келет.

Рагим Мамедович Рагимов райондук кеңештин 2 жолку чакырылышынын депутаты, Кант шаарынын 25-26-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Учурда учурда Кант шаарынын 27-чакырылышынын депутаты.

Рагимов Рагим Мамедович ак ниет жана ийкемдүү, Кант шаардык кеңешиндеги эмгек жамаатында элге болгон ачыктыгы, ар бир ишти көңүл сыртында калтырбагандыгы менен чоң кадыр-баркка ээ.

Р.М. Рагимов 2014-2017-жылдардагы Кант шаарынын туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуунун демилгечилеринин бири болуп саналат. 2013-жылы аталган стратегияны уюштуруу жана бекитүү боюнча жумушчу топтун катарында жигердүүлүгүн көрсөткөн. Аталган стратегия Кант шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий өнүктүрүү маселелерин чечүүгө багытталган. Бул стратегиянын алкагында бир катар иштер жасалган: маданий мекемелерди, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөө, балдар аянтчасын куруу, волейбол, баскетбол, футбол аянчаларын тургузуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, суу жабдууларын реабилитациялоо, жер алдындагы суулардын көйгөйүн чечүү (арыктарды, дренаждык тармактарды жана “Чупра” каналын тазалоо).

2018-жылы жумушчу топтун курамында Кант шаарынын 2019-2022-жылдардагы туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жигердүү катышкан.

Р.М.Рагимов Кант шаарынын, Ысык-Ата районунун маданий-массалык иш-чараларына жигердүү катышып келет. Кант шаарынын тургундары менен тыгыз байланышта иш алып барат.

 

 

     Жогоруда белгиленгендердин негизинде

 

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. Рагимов Рагим Мамедовичке Кант шаарынын “Ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.

2. Кант шаардык мэриясы Р.М.Рагимовго тапшыруу үчүн грамотаны жана тасманы даярдоого акча каражатын бөлүп берсин.

 

Кант шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

Ж.Бирюкова