Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

23-сессия

2021-жылдын 19-марты № 171/XXIII-27

Байжумаева Кульжан Нурдиновнага Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаардык мэриясынын Байжумаева Кульжан Нурдиновнага Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштамасын карап чыгып.

Байжумаева Кульжан Нурдиновна2014-жылдын апрель айынан тартып Кант шаардык мэриясында муниципалдык менчик боюнча жетектөөчү адиси кызматын келет.

Иштеген жылдар аралыгында өзүн жакшы жагынан көрсөтүп, муниципалдык жерлерди берүү жана пайдалануу маселелери менен алектенет.

Функционалдык милдеттерин аткарууга ак ниеттүүлүк менен мамиле жасайт.

Бир нече жылдардан бери Кант шаардык мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн мүчөсү болуп эсептелет.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан “Товар, жумуш жана тейлөө сатып алууларды башкаруу” темасында окуу курсунан өтүп, 1-деңгээлдеги сертификатка ээ болгон.

Элге терең көңүл буруу менен мамиле жасап, өзү көзөмөлдөгөн маселелер кесипкөйлүк деңгээлде жооп бере алат. 2018-жылы ага “Муниципалдык кыхматтын кенже инспектору” класстык чини ыйгарылган.

К.Н.Байжумаева ижарачыларга муниципалдык менчикти колдонгондугу үчүн акысын төлөөнү өз учурунда эскертип турат.

Кант шаарынын аймагында «COVID-19» коронавирустук инфекциясын эскертүү жана жайылтпоо максатында Кант шаарынын жашоочулары жана ишкерлери менен чоң иштерди жүргүздү.

Кампания жарыяланган учурдан тартып кафе, соода орундары, базар жана башка объекттердин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоосу боюнча рейддерди өткөрдү.

Кант шаарынын тургундарына гуманитардык жардамдарды көрсөтүү үчүн кеңеш берүү менен бирге муктаж болгон үй-бүлөлөрдү жеринен карап чыккан.

Ак ниет эмгеги үчүн:

- Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;

- КР Профсоюздар БКнин Ардак грамотасы;

- Кант шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кант шаарынын жашоочуларынын жана Кант шаардык мэриясынын аппарат кызматкерлеринин арасында жогорку кадыр - баркка ээ.

 

Жогоруда белгиленгендердин негизинде

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Байжумаева Кульжан Нурдиновнага Кант шаарынын “Ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.

2. Кант шаардык мэриясы К.Н.Байжумаевага тапшыруу үчүн грамотаны жана тасманы даярдоого акча каражатын бөлүп берсин.

 

Кант шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

Ж.Бирюкова