КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23-сессия
2021-жылдын 19-марты № 170/XXIII-27
Бейшекеева Жаркынбубу Кельдикеевнага Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаардык мэриясынын Бейшекеева Жаркынбүбү Кельдикеевнага Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштамасын карап чыгып.
Бейшекеева Жаркынбубу Кельдикеевна 2011-жылдын ноябрь айынан тартып Кант шаардык мэриясында жер пайдалануу жана курулуш боюнча башкы адиси кызматын аркалайт. Аталган өз алдынча башкаруу органында 1996-жылдын март айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келет.
Иштеген жылдар аралыгында өзүн жакшы жагынан көрсөтө алды. Жогорку кесипкөйлүк жана ар тараптуу билимге ээ, жерди пайдалануу жана курулуш боюнча маселелерди сабаттуу чече алат.
Ж.К.Бейшекеева ишти сүйгөндүгү, эмгекчилдиги менен айырмаланып турат. Билим деңгээлин тармактуу жогорулатып, ишинде демилге көтөрүп турат. USAIDдин “Жер пайдалануу жана курулуш эрежелери” программасы боюнча окутуу курсунан өткөн, ошондой эле укуктук аймактоо жана баалоо аймактоо боюнча иш алып барууга тиешелүү сертификаттардын ээси. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык “Кант шаарынын жер пайдалануу жана курулуш эрежелери” нормативдик-укуктук актысын иштеп чыгуу менен алектенген.
Ж.К.Бейшекеева Кант шаарынын башкы планын иштеп чыгууга өз салымын кошкон. Анын жигердүү катышуусу менен АРИС долбоору боюнча маданий-социалдык объекттерди өнүктүрүү боюнча, ЕББРдин каржылык колдоосу менен (кайра куруу жана өнүктүрүү боюнча Европалык банк), ошону менен катар эле “Кант шаарындагы канализация жана суу жабдууларын реконструкциялоо” долбоорунун алкагында инвестиция тартууда чоң иштер жасалган.
Өзүнүн функционалдык милдеттерин ак ниеттүүлүк, берилүү менен аткарат. Ишмердүүлүгүндөгү натыйжалуулук жогорку деңгээлде.
2014-жылдан тартып Кант шаардык мэриясынын административдик жана муниципалдык кызматтарды алмаштыруу сынагын өткөрүү комиссиясынын катчысы. Жаш адистердин насаатчысы.
Кант шаарынын, Ысык-Ата районунун коомдук иш-чараларын өткөрүүдө жигердүү ппозицияны ээлейт (“Күч - биримдикте” кароо сынагы, “Ак элечек” райондук сынагы ж.б.).
Кант шаарынын жашоочуларынын жана Кант шаардык мэриясынын аппарат кызматкерлеринин арасында жогорку кадыр-баркка ээ.
Сыйлыктары:
- Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын «Ак ниет эмгеги үчүн» Ардак грамотасы;
- USAID программасынын алкагында кызматташтыгы үчүн Ыраазычылык каты.
2015-жылы «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» наамы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1-класстагы кеңешчиси чининин ээси.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бейшекеева Жаркынбубу Кельдикеевнага Кант шаарынын “Ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
2. Кант шаардык мэриясы Ж.К.Бейшекеевага тапшыруу үчүн грамотаны жана тасманы даярдоого акча каражатын бөлүп берсин.
Кант шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Бирюкова |