Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

23-сессия

2021-жылдын 19-марты № 169/XXIII-27

Жукова Людмила Владимировнага Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын Жукова Людмила Владимировнага Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө чечимин карап чыгып.

Жукова Людмила Владимировна эмгек жолун 1979-жылы Ысык-Көл областында МККде секретарь-машинист адиси болуп баштаган. 1980-жылы Кыргызстан Компартия БКнин пропаганда жана агитация бөлүмүндө иштеп, кийин экономика бөлүмүнө которулган.

1991-жылы №59-Фрунзе орто мектебине орус тили жана адабияты мугалими болуп которулган. Жогорку категориядагы мугалим. Андан соң Орусиянын Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик Мамстандартка караштуу стандартизация жана метрология Академиясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы, Экономика жана коммерция институтунун тилдер кафедрасында эмгектенген.

2004-жылдын октябрь айында начар жана аз камсыз болгондорго кайрымдуулук көрсөтүүчү, мекендештер арасында орус тилин жана салт-санаасын колдоочу “Чайка” коомдук бирикмеси түзүлүп, бүгүнкү күндө да аны жетектеп келет.

2010-жылдан тартып “Ак-Шумкар” СПнын мүчөсү, 2012-жылдан бери карай Кант шаардык кеңешинин депутаты.

Л.В.Жукова депутаттык ишмердүүлүгүндө өзүн тажрыйбалуу жетекчи жана уюштуруучу катарында жакшы жактары менен гана көрсөтө алды. Кант шаарында эле эмес райондо дагы урмат-сыйга ээ. Кант шаарынын коомдук иштерине жигердүү катышып келет.

 

Жогоруда белгиленгендердин негизинде

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жукова Людмила Владимировнага Кант шаарынын “Ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.

2. Кант шаардык мэриясы Л.В.Жуковага тапшыруу үчүн грамотаны жана тасманы даярдоого акча каражатын бөлүп берсин.

 

Кант шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

Ж.Бирюкова