Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

23-сессия

2021-жылдын 19-марты № 168/XXIII-27

Саримов Виктор Александровичке Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билимберүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн Саримов Виктор Александровичке Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштамасын карап чыгып.

Саримов В.А. эмгек жолун мектепте 10-класста окуп жүргөн мезгилинде эле 1965-жылы пионердик уюмду жетектеп баштаган. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институнун сырттан окуу бөлүмүнө окууга тапшырып, 1972-жылы аяктаган. Ошол мезгилдер аралыгында окуу менен катарлаш мектепте музыка жана дене тарбия сабактарынан мугалим болуп эмгектенген.

Мектепте иштеген жылдар аралыгында мектептин курама команадалары райондук спартакиадаларда бир нече ирет жеңишке жетип, окуучулар өзүнчө райондук, областык курама командаларынын мүчөлүгүнө кабыл алынып, окуучулар арасындагы республикалык спартакиадалардын жеңүүчүсү болушкан.

1979-жылы Кант шаардык №1-орто мектебинин өздүк көркөм чыгармачылык жамааты республикалык “Тынчтыктын жана достуктун орус тили” фестивалында жеңүүчү аталып, В.А.Саримовго Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы тапшырылган.

 В.А.Саримов 1979-жылы үй-бүлөсү менен Москва шаарындагы СССРдин жумушчу 1-спартакиадасына катышкан. “Атам, апам жана мен-спорттук үй-бүлөбүз” аталышындагы мелдеште коло медалга ээ болушкан.

2020-жылы футбол боюнча Чүй облусундагы мектеп окуучулары республикалык окуучулар арасындагы спартакиадада жеңүүчү болушуп, бул үчүн В.А.Саримовго “машыктыруучу” жогорку категориясы берилген.

В.А.Саримов Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын делегат-испектору, футбол боюнча улуттук категориянын судьясы болуп эсептелет.

В.А.Саримов 2010-жылы Новосибирск шаарында өткөн Г.Заволокиндин элесине арналган “Ойно, гармонь” эл аралык фестивалына катышкан. Ошондой эле 2011-жылы Москвадагы Кремль сарайында өткөн “Ойно, гармонь” программасынын 25 жылдык мааракелик кечесине катышкан.

В.А. Саримов Кант шаарынын, Ысык-Ата районунун, Кыргыз Республикасынын бардык маданий-массалык иш-чараларынын жигердүү катышуучусу. Орусия элчилиги жана Кант шаарындагы Орусия авиабазасы менен тыгыз байланышта болуп келет.

В.А.Саримов 2002-жылдан бери Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн мыктысы.

 

     Жогоруда белгиленгендердин негизинде

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Виктор Александрович Саримовго Кант шаарынын “Ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.

2. Кант шаардык мэриясы В.А.Саримовго тапшыруу үчүн грамотаны жана тасманы даярдоого акча каражатын бөлүп берсин.

 

Кант шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

Ж.Бирюкова