КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы
2022-жылдын 14-февралы № 4
Коңур-Өлөң айылынын бада өтүүчү жолун коруу долбоорун сунуштоо жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Коңур-Өлөң айылынын бада өтүүчү жолунун коругу жоктугу белгиленип, Коңур-Өлөң айылынын бада өтүүчү жолун коруу долбоору “Тоң районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесинен 4 351 950 сом өлчөмүндө каржылоо үчүн сунушталсын.
2. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |