Редакцияот 20.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2021-жылдын 20-октябры № 18

Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2021-жылы тогуз айдын жыйынтыгы менен киреше салыгын ашык аткаруудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 2021-жылы алты айдын жыйынтыгы менен кабыл алынган пландан киреше салыгы ашык түшкөндүгүнө байланыштуу Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап 2021-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Киреше салыгынын ашык аткарылгандыгына байланыштуу төмөндөгү иш чараларга:

- 5000 сом административдик имараттын жылуулук системасына антифриз алуу;

- 5000сом Союз МСУга мүчөлүк акы;

- 12000 сом архивге документтерди өткөрүүгө даярдатуу жана кутуларды жасатуу үчүн;

- 10000 сом 2022-жылдын 1-жарым жылдыгына газета журналдарга жазылууга;

- 1200 сом айылдардагы таштандыларды чыгаруу үчүн күйүүчү май;

- 14100 сом Тогуз-Булак жаштар борборунун кароолчусуна;

- 14000 сом Коңур-Өлөң административдик имаратынын кароолчусуна;

- 5000 сом ММК газетасына берилген кулактандыруулар үчүн;

- 20000 сом архитектуранын төлөмдөрүнө;

- 23100 сом муниципалдык обьектилерге өрт өчүрүүчү шаймандарды алууга;

- 50000 сом Көл-Төр айылынын бала бакчасына;

- 10000 сом компьютерлердин сыясы жана ремонтторуна;

- 30000 сом клубдарга материалдарды алууга;

- 60000 сом айыл өкмөт кызматкерлеринин иш сапарларына;

- 88000 сом айылдарда түнкү жарыктарын убагы менен өчүрүүгө жана анын материалдарына;

-5000 сом жолбун иттерди атууга;

Бардык сумма 352400сом (Үч жүз элүү эки мин төрт жүз сом)

2. Бардык 352400сом акча каражаты 2021-жылдын 4-кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Рыспай уулу Тойчубекке, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын

 

Төрага

Э.Муканбетов