Редакцияот 07.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

2021-жылдын 7-декабры № 20

Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы атайын эсептеги акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жѳнүндѳ

Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы атайын эсептеги акча каражатынын калдыгын бөлүп берүүгө Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы атайын эсептеги калдык 840 сом акча каражаты клубдарга пол жуучу каражаттарын алып берүү үчүн которулуп берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Тойчубек Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Муканбетов