Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги III (үчүнчү) сессиясы

2021-жылдын 19-августу № 13/III-28

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча аймактын

социалдык-экономикалык өнүгүү планынын жана 2021-жылдын биринчи жарым

жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Ысык-Ата айыл өкмтүнүн бюджетинин киреше жана

чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы

Тологонов Аскат Момуналиевичтин отчету

 

Күн тартибинин кийинки маселеси боюнча Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Тологонов Аскат Момуналиевичтин отчету угулду. Отчету тиркелет.

Күн тартибинин маселесин Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

1. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын жана 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө Тологонов Аскат Момуналиевичтин отчету “канааттандырарлык” деп белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

 Ж.Бейшекеев

 

“Ысык-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн 2021-жылдын

1-жарым жылынын жыйынтыгы жөнүндө” Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы

Тологонов Аскат Момуналиевичтин отчету

 

Бүгүн, Мен өзүмдүн кыскача докладымда 2021-жылдын 6-айында Ысык-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышын, жетишкендиктер жана кемчиликтер жөнүндө маалымат берүү менен бирге, 2021-жылга коюлган социалдык-экономикалык өнүгүү иш-чараларын Сиздер менен чогуу талкууламакчыбыз.

Урматтуу депутаттар жана келген коноктор

Ар тармакбоюнчакыскачатоктолокетейин:

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу Ысык-Ата айыл өкмөтунун социалдык-экономикалык өнүгушүнүн 2021-жылдын 1-жарым жылынын жыйынтыгы жөнүндөгү» чечимин аткарууда ийгилике жете алды . жергиликтүү бюджеттин план- салык чогултуу 121,1 % ке аткарылды, планга 2194,9 миң сом , чогулганы 2658,6 миң сом, же болбосо 463,7 миң сомго ашык чогулду.Атап айтканда;. Жерсалыгы план 469,0 аткарылышы 663,9 аткарылганы 141,6%, ошонумененбирге эле кемчиликтер да бар. Унаасалыгы план 364,3 аткарылышы 221,3 аткарылганы 60,7%, арендалыктөлөмайылчарба кайра бөлүштүрүүфондусунунсалыгы план 202,2 факт 135,3 аткарылганы 66,9% түздү. Бизде кемчиликтер да бар, себеби жалпы киреше бөлүгүн аткарсак да, негизги салык түрлөрүнөн план аткарылбай жатат. Жеке жактын жер салыгы боюнча жана Айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондусунун ижарасы боюнча. Кетирилген кемчиликтерди эске алып: Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн эсеп бөлумүнүн башчысы А.Айбековага, салык кызматынын башкы адиси Өмүрбек кызы Айтурган,айыл башчылар менен биргеликте; -салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу боюнча 2021-жылыдын 6-айында аткарылбай калган план-тапшырманы толук аткарууну көзөмөлгө алыуулары милдеттендирилди.

2021-жылдын 1- жарым жылында киреше бөлүгү жалпы 4 млн.560,3 мин сом.2020-жылдын калдыгын 1243,2 сомду кошкондо 5803,5иң сомду түздү, чыгаша бөлүгү 3620,6 сомду түздү,

Анын ичинде: бөлүмдөр боюнча айта кетсек: 2021-жылдын 6-айында

1. Административдик бөлүмгө: 2115,4 миң сом

2. Айылдардын инфраструктурасы жана чарба коммуналдык бөлүмгө: 445,4 миң сом.

3. Аймактык-тескөөчү бөлүмү: 28,5миң сом.

4. Маданият бөлүмү: 533,5миң сом.

5. Билим берүү бөлүмү: 491,8 миң сом.

6. Социалдык коргоо бөлүмүнө: 6,0 миң сом.

12. Айылчарба:

Айыл чарба өсумдүктөрүн өстүрүү ,2021-жылы сезонду талаачылык айыл чарба.

жумуштарынөзубагындажанауюшкандыктаөткөрүүбоюнчажекедыйканчарбаларга,фермерлегекөмөккөрсөтүүүчүндыйкандаргаүрөндүдотациялоомеханизимижөнүндөтүшүндүрүүиштерижүргүзүлдү.Айылаймагындагыдыйканчарбаларынажанажекедыйкандарга 2021-жылга карата”АталыкжанаТазажанфирмасынанжазгыайдапсебүүгө, жаздыкбуудай 2,1 тонна жанаарпа 24,7тонна дотациялыкүрөналуугакөмөккөрсөтүлдү.Үстүбүздөгүжылы дан өсумдүктөрү 600 гектар,картошка 325,0гектар,жашылча 44,0гектар,көп жылдыктоютөсүмдүктөрү140 гектар себилмекчи. АзыркыубакыттаЫсык-Атаайылөкмөтүнүнаймагындажазгыайдапсебүүиштериаба-ырайыныншартынабайланыштуукеч башталды.

13. Билимберүү:

Ысык-Ата айыл өкмөтунун экономика тармактарынын жана калкынын 2020-2021 жылдын күз-кыш мезгилинин бүтүшүнүн жыйынтыгы ийгиликтуу аяктады. 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы көрүлүүдө,жалпы билим берүү мекемелерин 185-тонна көмүр 832,5 миң сомго алынып берилмекчи. Бюджеттик мекемелеринин электро энергия боюнча дебиторлук карызы жок. Тогуз-Булак айылында жаны заманбап 150 орундук мектебин имаратын куруу. Сауд Араб Фонду (60,0 млн. сомго). Учурда имараттын 1-этажы бүтүп,2-этажынын дубалы көтөрүлүүдө жана от жагуучу бөлмө салынды,куруу иштери жүрүп жатат. Айыл өкмөтүнүн беш орто мектебинин кайра которуп каттосун жана сайтын жазатуу иштерине айыл өкмөтү тарабынан 71,6 миң сом каражаты сарпталынды.

14. Социалдык тармак:

Отчеттук мезгилде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар 1 бирөө катталды, айыл өкмөтүнүн социалдык адиси,ИДН кызматкери,мектептин директорлору жана мугалимдердин катышуусу менен окуучулар арасында класстык сааттар өтүлүп,таалим-тарбия иштери баардык мектептерде жүргүзүлүүдө. Мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз үй-бүлөөлөргө 2021-2022 жылдын күз-кыш мезгилине даярданууга 20,0 сомго көмөк көрсөтүлмөкчү. Ысык-Ата айыл ѳкмѳтү боюнча 456 пенсионер, 50 баатыр эне, 42 женилдик алган жарандар, УАМ- согуштун катышуучуларынын жесирлери, тылда эмгектенгендер 2, 109 баардык категориядагы майыптар бар. Советтик Куралдуу күчтѳрдүн Афганистандан чыгарылышынын 29-жылдыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн эсебинен 9 ардагердин ар бирине 2,0 миң сомдон, бѳлүнүп 22,0 миң сом жардам кѳрсөтүлдү, Апрель революциясынын 2 баатыларына ар бирине 3,0 миң сомдон, бѳлүнүп 6,0 миң сом жардам кѳрсөтүлдү. Турмушу оор абалда жашаган 2 үй –бүлөөгө 6,0 миң сомдон материалдык жардам кѳрсөтүлдү. Энелер күнүнө карата 50 аялга 500 сомдон акчалай бөлүнүп берилди 25,0 миң сом. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүнүн аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз үй-бүлөлөргө, пенсия алган кары адамдарга, жарым жартылай жетим балдарга Коронавирус илдетин алдын алуу максатында спонсорлор тарабынан жалпысы 42850,0 сомго азык-түлүк жардамы 20 үй-бүлөгө көрсөтүлдү. ЧАЭС кырсыгын жоюууга катышкан 2 жаранга 2 миң сомдон 10,0 миң сом бөлүндү. Баткен коогаланына байланыштуу окуяга айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлери 1 күндүк маяна акысын 15,0 миң сом которуп беришти. 1-июнь балдарды коргоо 42,1 миң сом сарпталынды, демөөрчүлөр тарабынан 9,5 миң сом жардам көрсөтүлүп, балдарга оюн-зоок көрсөтүлүп, бекер балмуздак, суусундук таратылып берилди.

15. Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин булагы болуп саналган Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасын жаңы конститутциясынын мыйзамынын долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу негизги жоболорунун талкуулоо жана түшүндүрүү иштери ар-бир айылда жүргүзүлдү жана 11-апрель күнү шайлоо өнөктүгү ийгилүктүү өттү.

16. Маданият.жана.спорт.тармагы:

Ысык-Ата айыл ѳкмѳтү 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76-жылдыгын өткөрүү майрамына карата 27,0 мин сом каражат бөлүндү. Ысык-Ата айыл ѳкмѳтү тарабынан спорттук мелдештер 10,0 миң сомго уюштурулду. Жогорку- Ичке -Суу айылында спорт залынын долбоорун түздүрүү иштерине айыл өкмөтү тарабына 30,5 миң сом, сарпталынды.

17. Таза.суу.жана.жол: Алмалуу айылын суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүүдө.(краниктер которулду).Дэмөөрчүлөрдүн жана айыл тургундарынын жардамы менен. Ар бир айылдарда ички-сугат суусу өтүүчү арыктарды тазалоо,оңдоо иштерин жүргүзүү, айылдардын элдери өз каражаттары ашар ыкмасы менен иш-чаралар жүргүзүлдү. (баардыгы 5800 метр аралыкта).Карагай Булак айылында кошумча булактан таза суу тартылды демөөрчү Ас-Сафа кайрымдуулук фонду наркы 25,0 миң сом. .Жайыт комитетинин эксковатору менен казуу иштерине көмөк көрсөтүлдү

18. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу: Айыл аймактын айылдарын тазалоо,көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жана айыл өкмөтү тарабынан 15,0 миң сом каражаты сарпталынды. Жогорку Ичке Суу айылында балдар ойноочу аянт куруу иштерине метериал алууга айыл өкмөтү тарабына 39,5 миң сом, аялдама куруу иштерине метериал алууга 90,0 миң сом сарпталынды.Айыл аймактын айылдарын ген пландарын,топо сьемкасын жазатуу иштерине айыл өкмөтү тарабынан 67,0 миң сом каражаты сарпталынды

19. Медицина.

Карагай Булак айылында ФАП, мечит,кужра,магазин демөөрчү Саид-Баюми кайрымдуулук фонду жардамы менен курулууда. наркы 3,6 млн сом. Алмалуу айылында ФАП Саид-Баюми кайрымдуулук фонду жардамы менен курулууда. наркы 2,4 млн сом. Проектин түздүрүүгө айыл өкмөтү тарабынан 51,7 миң сом каржыланууда. Жалпы наркы 2,4млн сом.Куруу иштери жүрүүдө.

20. Ысык-Ата айыл өкмөтү боюнча 2021-жылдын 1-жарым жылдын ичинде жалпысынан 23 арыз түшкөн, 23 аткарылды. 29 оозэки кайрылуу аткарылды. Жогоруда көрсөтүлгөн 23 арыздын баардыгы убагында аткарылган жана аткаруу мөөнөтү көзөмөлдөн алынып турат. Электрондук кайрылуулар жок. Баардык арыздар мыйзам чегинде, убагында аткарылып, арыз ээлерине жооп берилип турат.Аксакалдар соту өз ишин жакшы иштеп жатат, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп турат, аксакалдар сотунда каралган маселелер болгон эмес”-деп негизги маселелерге токтолду.