ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги III (үчүнчү) сессиясы
2021-жылдын 19-августу № 14/III-28
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2024- жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнн божомолун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттер долбоорунун №19 бөлүмүнүн 89-беренесине ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн « Кезектеги 2022-2024- жылдарга бюджеттик божомолун» карап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн божомол долбоору 9162,7 мин.сомго жана тегиздөөчү гранды 3242,4 миң сомго бекитилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн божомол долбоору 9278,2 мин.сомго жана тегиздөөчү гранды 3236,7 миң сомго бекитилсин.
3. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн божомол долбоору 9399,3 мин.сомго жана тегиздөөчү гранды 3236,7 миң сомго бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |