Редакцияот 30.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVII чакыруунун 8 кезектүү сессиясы

2021-жылдын 30-декабры № 43/1

Гавриловка айылындагы орто мектептин “терезелерин алмаштыруу жана фасадын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен оңдоо” долбоорун каржылоого Гавриловка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын аныктоо жөнүнө

Гавриловка айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Б.Карымшакованын Гавриловка айылындагы орто мектептин “терезелерин алмаштыруу жана фасадын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен оңдоо” долбоорун каржылоого Гавриловка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын аныктоо жөнүнө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылга Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун даярдоодо жана бекитүүдө Гавриловка айылындагы орто мектептин “терезелерин алмаштыруу жана фасадын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен оңдоо жергиликтүү бюджеттен 1 039 480 сом акча каражаты киргизилсин.

2. Гавриловка айылындагы орто мектептин “терезелерин алмаштыруу жана фасадын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен оңдоо долбоорун ишке ашырууда 1 039 480 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен өз убагында кечиктирбестен каржыланышы керек.

3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Становго жүктөлсүн.

 

Төрага

 Маткерим уулу Р.