КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-декабры № 25/IV-28
Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине сыйлык берүү үчүн кредиттик ассигнованиелерди жылдыруу жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Токсобаевдин 2021-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн бюджети толугу менен аткарылгандыгын эске алып, аппарат кызматкерлерине бир айлык акысын үстөк кошумчалары менен сыйлык катары берүү үчүн кредиттик ассигнованиелерди жылдыруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жылдын жыйынтыгы менен баардык үстөк кошумчалары менен бир айлык акы менен сыйлансын.
2. Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Токсобаев тарабынан айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Койчукеев |