ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 17/7-28
Орловка шаарынын №1 орто мектебинин биргелешип каржылоо үчүн каралган дем берүүчү грантка кошо каралган каражатты, балдар аянтчасын орнотуу үчүн турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнө жылдыруу жөнүндө
Орловка шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы - Л.А.Абасованын «НУР балдар шаарчасын куруу» долбоорун биргелешип каржылоого, «Орловка №1 орто мектептин чатырын оңдоо» долбоору боюнча дем берүүчү грантты кошо каржылоого багытталган каражаттардын жылдыруу жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Орловка №1 орто мектептин чатырын оңдоо» долбоору боюнча дем берүүчү грантты кошо каржылоого багытталган каражатты, «НУР балдар шаарчасын куруу» долбоорун биргелешип каржылоого жылдырууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Орловка шаарынын мэри-Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |