ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 23/7-28
Орловка шаары, Москва көчөсү дарегиндеги номерсиз жер тилкесин Орловка мэриясынын балансына алуу жөнүндө
Орловка шаарындагы № 2 орто мектептин директору - Г.В.Шакундун «Орловка шаарынын мэриясынын балансына мектеп бакчасы катары жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө жана Орловка шаарынын мэриясынын жерге жайгаштыруу жетектөөчү адиси - Т.Н.Темиркановдун, Орловка шаардык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы-Б.М.Шакировдун сунуштарын карап жана талкуулап, Орловка шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Москва көчөсүндөгү н/ж дарегинде Орловка шаарынын Москва көчөсүндө №1 жумушчу жаштар мектебинин түштүк тарабында жайгашкан жер тилкесин, Орловка шаарынын мэриясынын балансына алынып мектеп бакчасы катары бекитилсин, башка жеке же юридикалык жактарга сатууга тыю салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |