Редакцияот 25.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы

2021-жылдын 25-октябры № 24/7-28

Жер участокторун алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө

Орловка шаарынын мэриясынын жерге жайгаштыруу жетектөөчү адиси - Т.Н.Темиркановдун, ошондой эле Орловка шаардык кеңешинин туруктуу жер комиссиясынын төрагасы - Б.М.Шакировдун жана Орловка шаардык кеңешинин туруктуу жер комиссиясынын «Жер участокторун алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө» чечимин эске алуу менен кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орловка шаарынын Школьная № 3/3 көч., Орловка дарегинде жайгашкан 66,0 м² аянты 7-05-03-1001-2921 каттоо коду менен Орловка шаары, Кудряшова н/ж көч., каттоо коду 7-05-03-1001-2762, аянты 66,0 м², Н.В.Седовага таандык жер тилкесин алмаштырууга Орловка шаарынын мэриясынын макулдугу берилсин

2. Орловка шаарынын Кудряшова н/ж көч., 7-05-03-1001-2762 каттоо кодундагы аянты 66,0 м² жер тилкеси башка жеке же юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө же сатууга укугу жок менен Орловка шаардык мэриясынын балансына кабыл алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

 М.И.Токтакунов