Редакцияот 09.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 9-июну № 7/II-28

“Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетитин бекитүү жөнүндө”

Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасынын 2020-жылдын маалыматын угуп жана 2021-жылга карата алдын ала түзүлгөн бюджетин талкуулап,

Ново-Покровка айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетин №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. 2021-2022-жылдарга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүү планы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.

 

Ново-Покровка айылдык кеңешинин

төрагасы

 

Т.И.Турдиев