Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 29-сентябры № 18/V-28

Акчалай каражат бөлүп берүү жөнүндө

Канттагы балдар өспүрүпдөр спорт мектебинин бокс боюнча машыктыруучусу М.М.Вайскановдун каржылык колдо көрсөтүү жөнүндө кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18- беренесинин 20 пунктуна ылайык,

Ново-Покровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.А.Дмитриевага:

- бокс боюнча машыктыруучу М.М.Вайскановго бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын коло медалынын ээси, Ново-Покровка айылы Атай көчөсү, 20 дарегенде жашаган Ансаров Мухаммад-Алини Туркиядагы бокс боюнча эл аралык турнирге катышууга даярдоо үчүн 15,0 миң сом суммасында акчалай каражат бөлүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл аймагынын башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

 Т.Турдиев