Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 29-сентябры № 19/V-28

“Ново-Покровка айыл аймагына балдар аянтчасын уюштуруу” долбоорун жактыруу жөнүндө

Ново-Покровка айыл аймагында балдардын ден соолугун чыңдоо жана активдүү эс алууну уюштуруу максатында, Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондунун конкурсуна катышуу үчүн демилгелүү топ тарабынан даярдалган “Строительная-Калинина көчөсүндөгү балдар аянтчасынын куруу проектисин” карап чыгып

 

Ново-Покровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Строительная-Калинина көчөсүндөгү балдар аянтчасынын куруу проектисин” долбоорунун планы бекитилсин жана Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондунун конкурсуна катышуу үчүн жөнөтүлсүн.

2. Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фонду тарабынан долбоор жактырылган учурда, жергиликтүү жамааттын салымы катары Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 200 (эки жүз) миң сом өлчөмүндө акчалай каражат бөлүнсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл аймагынын башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.И.Турдиев