НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-сентябры № 20/V-28
Бала бакчанын имаратын баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18,31-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республмкасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-п.ылайык, Ново-Покровка айыл аймагынын башчысынын бала бакчанын имаратын жанындагы жер тилкеси менен баланска алуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,
Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ново-Покровка айылы Ленин көчөсү № 479 дарегинде жайгашкан бала бакчанын имараты жалпы аянты 5222,74 ч.м. жер тилкеси менен муниципалдык менчикке алынып, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн балансына коюлушуна макулдук берилсин.
2. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго:
- Ново-Покровка айылы Ленин көчөсү № 479 дарегинде жайгашкан бала бакчанын имараты жалпы аянты 5222,74 ч.м. жер тилкеси менен Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алсын жана муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т.И.Турдиев |