Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 10/4-5

Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинатынын директор кызматына Байсымаков Бектурсун Бексултановичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Токмок ш. мэриясынын 2021-жылдын 13-сентябрындагы №1305/1-4 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколун эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок ш. КИКтин директорунун ваканттык кызмат ордуна Байсымаков Бектурсун Бексултановичти дайындоого макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев