Редакцияот 01.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 1-октябры № 12/5-5

“Касиет” ААКнын №24 бала бакчасын Токмок шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэри У.О. Самаевдин 2021-жылдын 28-сентябрынан №1394/1-4 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкердикти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдɵө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаарынын 1-кичи район дарегинде жайгашкан аянты 9578,0 ч.м (анын ичинде курулуштун алдындагы 1939,0 ч.м) болгон жер участогу менен “Касиет” ААКсынын №24 бала бакчасынын курулмаларын жана имараттарынын комплексин Токмок шаарынын Муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Токмок шаарынын мэриясы (У.О. Самаев) кабыл алынып жаткан объекти капиталдык оңдоого, андан ары кармоого жана анын жабдууларын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат менен камсыз кылуу иш-чаралары Токмок шаарынын келечектеги өнүктүрүү планына киргизилсин.

3. Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы №211/29-4 токтому жокко чыгарылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкердикти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдɵө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев