Загрузка документа…
Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы № 24 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Курама айылдык кеңештин 2021-жылдын 17 майындагы № 1а токтомуна тиркеме |
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ
Бул Регламент айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
I БӨЛҮМ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1.1.Курама айылдык кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маслелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарды кошпогондо, төмөндөгү маселелер чечилет:
1) айылдык кеңеш жөнүндө Жобону бекитүү;
2) айылдык кеңештин жылдык иш планынын бекитүү;
3) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;