Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү IV сессиясы

2021-жылдын 30-июлу № 6

2021-жылдын 1-чи жарым жылдыкта Курама айыл өкмөт башчысынын жасаган иши боюнча отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, мыйзамдарын жана Курама айылдык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле 2021-жылдын 1-чи жарым жылдык ичинде Курама айыл өкмөт башчысынын жасаган иши жөнүндө отчеттун угуп чыгып, Курама айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Узакбаев Н.М. 2021-жылдын 1-чи жарым жылдык ичинде жасаган иши боюнча отчету жана социалдык-экономикалык өнүгүү планы кабыл алынсын.

2. Курама айыл өкмөтүнүн администрациясы тарабынан көзөмөлгө кийинки иштер алынсын:

- мектептерди жана бала бакчаларды кышкы даярдыгын камсыз кылуу

- мектептерде жана бала бакчаларда ремонт иштерин жана жаңы окуу жылына ишке берүү даярдыгын.

- А.Тилекеев атындагы орто мектепти капиталдык ремонттун.

3. Панфилов айылындагы 100 орундуу бала бакчада оңдоо иштерин бүтүшүн тездетүү.

4. Панфилов жана Эфиронос айылындагы ФАПтарды тургузууга жер участокторго мамлекеттик акты алуу тездетилсин.

5. Орто-Арык айылына ичүүчү түтүктөрүн которуу жана оңдоо иштерин тездетүү максатында инвестиция тартуу иштери күчөтүлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо өзүмдө калтырам.

 

Төрага

Р.Р. Мамбеталиев