Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү IV сессиясы

2021-жылдын 30-июлу № 7

Курама айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-чи жарым жылдыгына карата бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун бекитүү жөнүндө

Курама айылдык кеңештин туруктуу бюджеттик комиссиясынын протоколдук чечимин жана Курама айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.М.Машланованын 2021-жылдын 1-чи жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджетин аткарылышы боюнча отчету боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-чи жарым жылдыкта карата бюджетин чыгаша бөлүмүнүн аткарылышы боюнча отчету бекитилбесин. Бюджеттин киреше бөлүмүнүн аткарылышы эске алынсын.

2. Курама айыл өкмөтүнүн бюджетинин 1-чи жарым жылдыкка карата аткарылышын текшерүү боюнча атайын убактылуу комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М.Узакбаевге, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылып, бюджеттин аткарылышын комплекстүү текшерүү максатында протоколдук тапшырма берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.М.Манамкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Р. Мамбеталиев

 

 

Курама айылдык кеңештин 2021-жылдын 30 июлундагы №7 токтомуна тиркеме

 

Курама айыл өкмөтүнүн бюджетинин 1-чи жарым жылдыкка карата

аткарылышын текшерүү боюнча атайын убактылуу комиссиянын курамы

 

1. Мамбеталиев Рустам – комиссиянын төрагасы

Мүчөлөр:

2. Назарбекова Рахат

3. Абдрахманов Эрмат

4. Джумагулова Наргиза

5. Бейшенкулова Наргиза

6. Осмоналиев Авас

7. Ибраимова Мээрим

8. Акматбеков Медер

9. Жусупов Майрамбек

10. Камбаров Азамат

11. Нурдинов Бекназар

 

Курама айылдык

кеңештин жооптуу

катчысы

 

 

Ж.Баратова