КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 9
Панфилов айылында Центральная көчөсү №674/2 жер участогун жеке менчикке колдонууга укугун берүү жөнүндө
Панфилов а. Центральная көч. № 674/2 дареги боюнча жайгашкан Курама айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган аянты 602,0 м² болгон жер участогуна “Кадастр” мамлекеттик мекеменин Панфилов райондук жергиликтүү бөлүмүнүн берилген Мамлекеттик Акт серия Б №036988, 2021-жылдын 26-мартында катталган №7-07-2021-2727 идентификациялык номери 7-07-06-1001-2837, жана 2021-жылдын 1-мартында № 09 Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы берген жер участок планынын негизинде Курама айыл өкмөт жер маселелери боюнча адиси Т.А.Усубалиевдин маалыматтын угуп жана талкуулап, Курама айылдык кеңештин депуттары төмөнкүлөрдү белгилешти.
Жогорудагы айтылган жер участокту сатуудан жана жер салыгынан түшкөн каражатка айыл өкмөттүн инфраструктурасын жакшыртууга жумшоо максатында жер участокту аукцион аркылуу сатуу керек экендиги белгиленди.
Жогоруда айтылгандардын негизинде айылдык кеңештин депутаттарынын 9 чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган дареги Панфилов а. Центральная көч. № 674/2 жалпы аянты 602,0 м² болгон жер участокту жеке менчик турак үй курууга укугун берүү үчүн аукцион өткөрүлсүн.
2. Айылдык кеңештин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына аукцион өткөргөнгө керектелүүчү документтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык даярдоо тапшырылсын.
Төрага | Р.Р. Мамбеталиев |